Бишкектин бир бөлүгүндө, Аламүдүн жана Сокулук райондорунда электр жарыгы өчөт

Бүгүн саат 10.00дөн 15.00гө чейин борбордун “Кара-Жыгач”, “Нижний Орок” конуштарында, Аламүдүн базарынын тегерегинде жана Аламүдүн паркында, Алма-Ата, Салиев, Муса Жалил, Буденный, Түштүк магистраль, Бах көчөлөрүндө, Чоң-Арык айылында, чектелген көчөлөрдүн төрт чарчысы Токтогул-Бейшеналиева-Московский-Ала-Арчада электр жарыгы өчөт.

Ал эми саат 9.00дөн 17.00гө чейин Аламүдүн районуна караштуу Ленин айылынын (Чыгыш, Алма-Ата, Виноградное көчөлөрүндө, Таможня, Бакай райондорунда), Кайырма айылынын (Ак-Дөбө, Кайырма көчөлөрүндө), Сокулук районуна караштуу Ново-Павловка айылынын (Баетов, Строительная, Заводская, Крупская көчөлөрүндө, “Поле Чудес” конушунда), Гавриловка айылында (Шевченко, Забайкальская, Школьная, Футбольная, Южная, Восточная, Фрунзе, Дружба көчөлөрүндө) электр энергия үзгүлтүккө учурайт. Аталган аймактарда жогорку вольттогу “Айни”, ”Центральная-6”, “Атабаева” көмөкчордондорунда, “Главная”, “Константиновка” , “Рассвет” трансформатордук көмөкчордондорунан тараган 10 кВ аба электр берүү чубалгыларынын зымтиректерин алмаштыруу, электр жабдыктарын оңдоо иштери жүрөт.

14 ноябрда саат 9-00 дөн 17-00 гө чейин Чүй жогорку чыңалуудагы электр тармактар ишканасы “Ново-Южная” трансформаторлук көмөкчордондо оңдоо иштери менен алектенет. Андыктан Кривоносов, Айни көчөлөрүндө жана Тынчтык проспектисиндеги көп кабаттуу № 35, 37, 39, 41, 43 үйлөрүндө электр жарыгы болбойт.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД