Бишкектин бир нече көчөлөрүндө светофорлор иштебей турат

Аба ырайынын кескин өзгөрүшүнөн улам Бишкекте сегиз светофор иштебей турат. Бул тууралуу Бишкек ИИББнын жол кыймылынын коопсуздугу бөлүмүнөн “ВБ”га билдиришти.

Мекеменин маалыматына ылайык, светофорлор Ахунбаев менен Абдрахманов, Ахунбаев – Жукеев-Пудовкин жана Ахунбаев-Малдыбаев көчөлөрүнүн кесилишинде иштебей турат. Ошондой эле Юнусалиев менен Жигуловск, Бах-Гагарин, Жибек-Жолу-Исанов, Лев Толстойдогу Некрасов жана Чапаев көчөлөрүндөгү светофор иштеген жок.

“Учурда жол кыймылы коопсуздук бөлүмүнүн кызматкерлери болгону Ахунбаев менен Малдыбаев көчөлөрүнүн кесилишинде гана машиналарды жөнгө салууда. Ал эми калган жерлерге алар жетишпейт”, - деп билдирди ИИББдин жол кыймылы коопсуздугу бөлүмүнөн.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД