Ишкер менен нарындын бажычылары сүйлөшүп алып, 10 млн сом салыкты төлөгөн эмес

12-ноябрда МУКК Нарын бажысынын кызматкерлерине жана ишкер Кубан уулу Акылбекке карата “Жеке ишкердин салык төлөөдөн жана милдеттүү түрдө ири өлчөмдөгү камсыздандыруу төлөмдөрүнөн качуу” жана “Кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу” беренеси боюнча кылмыш ишин козгоду. Бул тууралуу МУККнын коомчулук менен байланыш бөлүмүнөн билдиришти.

Маалыматка ылайык, КЭРден Кыргызстанга коомдук колдонуучу товарларды импорттоодо 1991-жылы туулган Кубан уулу Акылбектин атына 2011-жылдын декабрынан баштап 77 млн сомдон ашык товар алынып келинген. Анын жалпы салмагы 2 649 тоннаны түзгөн.

Ат-Башы районунун мамлекеттик салык кызматы 2-октябрдагы текшерүү маалында Кубан уулу Акылбектин жана Нарын бажысынын кызматкерлеринин аракети бюджетке 10 млн 39 миң сом зыян алып келгендигин аныкташкан. Алар салык төлөгөн эмес.

Иликтөө иштери уланууда.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД