Президенттен Улуттук консерваторияга Молдобасановдун атын ыйгарбоону суранышат

Кыргыз улуттук консерваториясынын ректору Муратбек Бегалиев жана анын 63 коллегасы президент Алмазбек Атамбаевден жана премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиевден жакында эле консерваторияга Социалисттик эмгектин баатыры, СССРдин жана Кыргыз ССРинин артисти Калый Молдобасановдун атын берүү боюнча чыккан токтомду жокко чыгарууну суранышат.

Бегалиев жана проректор Екатерина Лузанова консерваториянын алдынкы 64 кызматкери Атамбаев менен Сатыбалдиевге өздөрүнүн конторгументтерин жөнөткөнүн “ВБ”га билдиришти. Акыркы жылдары эл артисттери Болот Миңжылкиев менен Калый Молдобасановдун туугандары Кыргыз улуттук консерваторияга экөөнүн бирөөсүнүн атын ыйгаруу боюнча бир нече жолу суранышкан. Бирок, алардын ар биринин элесине урмат сый көрсөтүү менен консерватория баш тартып келген. Консерватория салыштырмалуу жаш ЖОЖ жана анын кызматкерлери кимдир бирөөнүнү атын ыйгаруу үчүн дагы жок дегенде 30 жыл өтүшү керек дешет.

Катка кол койгон 64 кызматкердин айтымында алар Молдобасановду консерваторияда жакшы эстешет. Өзгөчө ал окуу жайда профессор болгонун жана ар түрдүү себептерден улам штатта иштөөдөн баш тартып, саат боюнча гана сабак бергенин белгилешет.

Бегалиев өкмөттүн токтомун жокко чыгаруу үчүн президент Атамбаевдин же премьер-министр Сатыбалдиевдин кабыл алуусуна кирүүгө аракет кыларын билдирди.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД