Депутаттар “Ак үйгө” кирер алдында текшерилгендигине капа болушту

“Депутаттар оюнчук болуп калышты”,- деп Жогорку Кеңештин жыйынында оппозициялык “Ата-Журт” фракциясынын депутаты Курмантай Абдиев билдирди.

Анын айтымында, Мамлекеттик коргоо кызматынын кызматкерлери депутаттарды “Ак үйгө” кирерде текшерүүдө. “Бизди токтотуп, текшерип атат. Машинаны да текшеришүүдө. Бул депутаттын статусу жөнүндө мыйзамды бузгандык болуп эсептелет. Мыйзам боюнча алар кызматтык машинаны текшермек тургай, депутаттын жеке машинасын текшергенге укугу жок”, - дейт Абдиев.

Ал ошондой эле “Ак үйдүн” айланасындагы темир торду алуу керектигин белгиледи. “Өткөрүү бюросунун кереги жок. Имаратка кирүүнү каалагандардын ар биринин кирүү мүмкүнчүлүгү болуш керек. Дүйшөмбү күнү келип өткөрүү пункту жабык болгондуктан ал жерден өтө алган жокмун. Кийин аны териштиргенде резервде турган аскерлер ачкычты тыштабай ала кеткендиги белгилүү болду. Биз оюнчук болуп калдык. Парламентке жана депутаттарга мындай мамиле кылуу болбойт”, - деп кошумчалады Абдиев.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД