Демөөрчүлөрдүн каражатын жеп алгындыгы үчүн директорго кылмыш иши ачылды

Демөөрчүлөрдүн каражатын жеп алгандыгы үчүн үй-интернатынын директоруна кылмыш иши ачылды. Бул тууралуу ИИМдин басмасөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, борбор калаадагы адистештирилген балдар үйүнүн директору кызматтык абалынан пайдаланып, демөөрчүлөр тарабынан бөлүнгөн 88 миң сомду өзү алып алган.

Аталган факты боюнча КР кылмыш кодексинин “Кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу”, “Кызматтык будамай” жана “Ишенилип берилген мүлктү менчктештирүү же коротуу” беренеси боюнча кылмыш иши козголду.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД