Машинада зордуктоого шектелген жигит кармалды

Бишкекте кызды машинада зордуктаган деген шек менен киши кармалды. Бул тууралуу ИИМден билдиришти.

Маалыматка ылайык, 9-ноябрда милицияга 23 жаштагы Бишкек шаарынын тургуну кайрылган. Кыздын айтымында аны үч күн мурда кечки саат 21.00 чамасында Бишкектин көчөлөрүнүн биринен жашы 20-25тердеги бала машинада зордуктаган.

Бишкек ШИИБинин кылмыш иликтөө кызматкерлери кылмышка шектүү деп 1993-жылы туулган жаранды кармашты. Иликтөө иштери жүрүүдө.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД