Улукбек Кочкоров депутаттарга парламентке тизилип кирүүнү сунуштады

Оппозициялык “Ата-Журт” фракциясынын депутаты Улукбек Кочкоров депутаттарга парламентке тизилип кирүүнү сунуштады. Мындай билдирүүнү ал Мамлекеттик коргоо кызматынан кызматкерлери депутаттарды текшерүү маселесин талкуулоо учурунда билдирди.

Бирок, “Ата Мекен” фракциясынын депутаты Эркинбек Алымбеков “кайтарылган имаратка эреже боюнча кирүүдө эч кандай коркунуч жок” экенин белгиледи.

“Ар-Намыс” фракциясынын депутаты Дастан Бекешев Кочкоров менен макул болду. “Кайтарылган объекке кирип атканда дагы депутаттын статусу жөнүндөгү мыйзамга ылайык аларды текшербеш керек. Мен сизди (төрага Асылбек Жээнбековго кайрылып атып – vb.kg) сыйлайм, бирок сиз бул маселеге көңүлкош мамиле кылуудасыз”, - деди ал.

Оппозициялык “Республика” фракциясынын депутаты Нурбек Мурашев бүгүн эртең менен KG 02 машинасын текшербей туруп эле өткөрүп жиберишкенин айтты. “Ал бизден өтүп кетти. Бул машина президент аппаратынын жетекчиси Данияр Ильичтин машинасы экен. Мамлекет башчыларынын бардык аппаратынын машиналары текшерүүсүз өтөт”, - деп белгиледи ал.

Ал эми республикачы Максат Сабиров “баардыгыбыз коопсуздук боюнча айтып атабыз” – деди. “ЖМКда көптөн бери “Ак үйгө” каттоосуз эле киргендер жөнүндө маалыматтар чыгууда, бирок төрага тарабынан эч кандай реакция болгон жок. Бул маселе жок дегенде депутаттардын этикасы жана Жогорку Кеңештин регламенти комитети тарабынан каралышы керек”, - деди Сабиров.

Атажуртчу депутат Мыктыбек Абдылдаев депутаттарды текшерүү бир гана коменданттык саат кигизилген учурда болоорун билдирди. “Келгиле бетондон тосмолорду коюп коелу. Президент да, премьер да жана башкалардын баардыгы текшерүүдөн өтсүн. Бүгүн KG 02 номерлүү машина менин машинамдын алдына өтүп кетти. Мен эмне үчүн мындай экилүү стандарт, бул ким деп сурадым. Мага күзөттө тургандар бул машина жогорку кызматтагы адамдын машинасы деп жооп беришти. Биз эки сүйлөм менен буйрук жаза албаган андай жогорку кызматтагыларды көрдүк”,- деди ал.

“Ата-Журт” фракциясынын мүчөсү Надира Нарматова бул маселени өкмөттүн жана президенттин өкүлү менен биргеликте чечүүнү сунуштады. “Эгер мыйзам жол берсе президент менен өкмөт бир имаратта отурсун дагы, биз мурдагы ордубузда отуралы. Парламент – ачык орган. Ал эми президент аппаратына жана өкмөткө келип кире албай калгандар келип алып митинг кылууда жана депутаттар эле жаманатты болууда. Эмне үчүн андай болушу керек? Келгиле андан көрө “Ак үйдүн” айланасындагы тосмону алып салуу маселесин карайлы да тийиштүү токтом кабыл алалы”,- деп кошумчалады ал.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД