Депутаттарды текшерүүнү коркунуч тууралуу алынган маалыматка шылташты

“Коркунуч тууралуу ыкчам алынган маалыматтан улам, жумушка келген депутаттар текшерүүгө алынууда”, - деп Жогорку Кеңеш жыйынында төрага Асылбек Жээнбеков билдирди.

Анын айтымында, кечээ ага ыкчам алынган маалымат боюнча кат келген. “Бул менин ойлоп тапкан нерсем эмес. Ыкчам маалымат бар деп айтышты. Бирок мен силер менен макулмун. Депутаттардын укугу жана эркиндиги бузулап аткан жокпу деп текшерүү жүргүзсө болот. Бирок, “Хайятт” мейманканасына кирип атканда бардыгы текшерилет. Ошондой эле депутаттар да”, - деди Жээнбеков.

Бирок депутат Өмүрбек Абдрахманов төрага туура эмес маалымат айтып атат деп билдирди. “Биз “Хайятта” көп эле болобуз KG сериясында номери бар машиналарды эч ким текшербейт. Бардыгын адаштыруунун кажети жок”, - деди ал. Бирок төрага өзүнүкүн берген жок. “Сизди балким Бакиевдин убагында текшергендир”, - деди Абдрахманов. “Жок, менин KG номерлүү машинам бар болчу”, - деп айтты Жээнбеков.

“Ар-Намыс” фракциясынын депутаты Токон Мамытов бир нече кылмыш иши баардыгына белгилүү экенине басым жасады. “Ушул иштин алкагында ыкчам маалымат пайда болуп, андыктан ушундай чаралар көрүлүүдө. Бирок депутаттардын нааразы болуусуна негиз бар, аларды тандап текшерип атат. Экилүү стандарт колдонулууда. Менин алдымда “Ак үйгө” ак түстөгү джип келди, аны эч ким текшерген жок”, - деди Мамытов.

Ал ошондой эле коопсуздук кызматынын кызматкерлери күн сайын инструктаждан өтүп, этиканын жөнөкөй нормаларын сактап, кичи пейил болуусу керектигин белгиледи.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД