Кен чыккан жерлерге аукциондун болбой калышы инвестиция кылбагыла деген белги

12 кен чыккан жерге болчу аукциондун болбой калышы дагы бир жолу инвесторлорго Кыргызстанга инвестиция салуунун түшүнксүздүгүн далилдеп койду”, - деп Эларалык ишкерлик кеңешинин минералдык ресурстар боюнча комитет мүчөсү Кубан Ашыркулов “ВБ”га билдирди.

Анын айтымында, аукциондун болбой калышы – “өлкөнүн инвестициялык климатына эң чоң чыгым” болду. “Бул мыйзамдуулуктун ырааттуулугу ойлонулбагандыгын жана бизде түшүнүксүз жөнгө салуу бар экенин айтып турат. Каалаган убакта кандайдыр бир нерсе киргизиле калышы мүмкүн, артыкчылык берилбейт”, - дейт Ашыркулов.

“Эгер аукцион болбосо инвесторлорго алар жапа чекпей тургандыктарын түшүндүрүшү керек. Эки жыл мурдагы Тереккан кенинде болгондой болбош керек”, - деп кошумчалады эксперт. “Анда 6 компаниядан 200 миң сомдон алып туруп, аукцион болбой калган. Кепилдик төлөмдөрдү эч кимге кайтарып беришкен эмес”.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД