Парламентте атажуртчулардын камалышы боюнча комисия түзүүнү каалашкан жок

Бүгүн Жогорку Кеңештин жыйынында оппозициялык “Ата-Журт” фракциясынын депутаты Жылдызкан Жолдошова “Конституциялык талаптардын бузулушу, атажурттун депутаттары Камчыбек Ташиевди, Садыр Жапаровду, Талант Мамытовду жана Нариман Түлеевди кармоо учурунда укук коргоо гана сот органдары тарабынан келтирилген калпыстыктар жөнүндө” маселени иликтөө үчүн убактылуу депутаттык комиссия түзүүнү сунуштады. Төрага аталган маселени добуш берүүгө эки жол койду.

Биринчисинде комиссия түзүү тууралуу 50 депутат макул десе, 47 депутат каршы болду. Ал эми экинчи жолу добуш берүүдө 53 депутат комиссия түзүүнү колдосо, 46 депутат каршы болду. Комиссия түзүлүүсү үчүн кеминде 60тан ашык добуш алынышы керек болчу.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД