Парламенттеги сегиз комитет төрагасынын шайланышын мыйзамсыз деп аташты

“Парламенттеги сегиз комитеттин төрагаларын шайлоо мыйзамсыз болгон”, - деп Жогорку Кеңештин жыйынында оппозициялык “Республика” фракциясынын лидери Алтынбек Сулайманов билдирди.

Анын айтымында, комитет башчыларын шайлоодо эки депутат ишеним кат аркылуу добуш берген.

Бирок, КСДП фракциясынын лидери Чыныбай Турсунбеков ал менен макул эместигин белгилеп, шайлоо бардык эреже менен болгонун билдирди.

Бүгүн жыйында сегиз комитеттин курамын бекитүү күтүүлүүдө. Эске салсак, шайлоо 8-ноябрда Жогорку Кеңештин пленардык жыйынында өткөн. Добуш берүү кээ бир депутаттардын ар бир талапкерге өзүнчө добуш берүүнү талап кылгандыгына карабастан, бир тизме менен жашыруун түрдө өткөн.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД