Жогорку сот Энергетика министрлигинин мурдагы жетекчиси Аскарбек Шадиевди актады

Кыргызстандын Жогорку соту Энергетика министрлигинин мурдагы жетекчиси Аскарбек Шадиевдин иши боюнча биринчи жана экинчи инстанциядагы сот чечимдерин күчүндө калтырды. Бул тууралуу Жогорку соттун маалымат катчысы Айнура Токтошева “ВБ”га билдирди.

Анын айтымында, 14-ноябрда кылмыш иштери жана административдик мыйзам бузуулар боюнча соттук коллегия Казакстандан Кыргызстанга уулуу көмүр алып келүү боюнча Шадиевдин ишин карап, биринчи жана экинчи инстанциянын чечимин күчүндө калтырган.

Эске салсак, 2010-жылдын сентябрь айында Саламаттыктык сактоо министрлигинин маалыматы боюнча уулуу көмүр Чүй облусунун бир катар мектептерине алынып келинген. Жыйынтыгында аны Бишкек ТЭЦине алып келип, көмүр алып келген компаниянын эсебинен Казакстанга кайтадан жөнөтүлгөн.

2012-жылдын мартында Башкы прокуратура бул иш боюнча энергетика жана өнөр жай министри Аскарбек Шадиевге кылмыш ишин козгогон. Тергөө маалында ал жумушунан четтетилген жана анын орун басары Кайрат Жумалиев кызматынан алынган.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД