Ташиевди психиатриялык экспертизадан өткөрүү депутаттардын суранычы менен болгон

Башкы прокурор Аида Салянова Жогорку Кеңештин жыйынында “Ата-Журт” фракциясынын депутаты Камчыбек Ташиевге психиатриялык экспертизаны кээ бир депутаттардын анын адекваттуулугуна экспертиза жүргүзүү керектигин айткандыгынан улам да жүргүзүлгөнүн билдирди.

Анын айтымында, башынан эле Ташиев психиатриялык экспертиза жүргүзүүгө каршы болгон эмес. Башкы прокурор экспертиза болор күнү Ташиевди токтом менен тааныштырышкан жана ал ага макул болгон. Ошондой эле экспертизанын корутундусу менен да макул болгон.

“Бирок Ташиевдин адвокаты Икрамидин Айткулов экспертиза туура эмес жүргүзүлгөн деп ЖМКга билдирди. Анын айтымында, биздин аракетибиз анын жактоочусунун атын дискредитациялоого багытталган имиш. Ошондо биз өтүнүч катты кайтарып алдык. Бирок, кийин Ташиевден жана анын адвокатынан корутунду боюнча эч кандай доосу жоктугун билдирген билдирүү келген. Буга карабастан биз өтүнүч катты жиберген жокпуз. Өтүнүч катты берип же кайта кайтарып ала бергидей бул оюнчук эмес”, - деди Салянова.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД