Түлеев боюнча комиссия башчысы болууга Осмоновдун моралдык укугу жок болчу

“Ата-Журт” фракциясынын депутаты Курманбек Осмонов атажуртчу депутат Нариман Түлеевдин иши боюнча убактылуу комиссиянын төрагасы болууга моралдык укугу жок болчу”, - деп Жогорку Кеңеш жыйынында “Ата Мекен” фракциясынын депутаты Эркинбек Алымбеков билдирди.

Ал Осмоновду Низамиддин Азимжанов менен тааныш же тааныш эместигине кызыкты. Буга Осмонов оң жооп берди.

“Сиз Жогорку соттун судьясы болуп турганда ал сиздин өкүлүңүз болуп, бардык маселелерди чечип, анын өзгөчө статусу болгонбу?”, - деп кызыкты Алымбеков.

Осмонов мындай чечмелөө менен макул болгон жок жана Азимжанов менен жумуш боюнча гана тааныштыгын айтты.

Алымбеков болсо Осмонов менен Азимжанов сотто иштеп жүргөндө 4,5 миң доллар пара алган боюнча байланышы бар экендиги тууралуу маалымат интернетте жүргөнүн маалымдады. “Андыктан анын бул комиссиянын төрагасы болгонго моралдык укугу жок болчу”, - деди Алымбеков.

“Мен көп киши менен иштедим. Мен мындай маалыматты эч жерде көргөнүм жок жана ага кызыкпайм. Азыр соттор менен байланышпайм жана көпчүлүгү менен саламдашпайм дагы”, - деди Осмонов.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД