Миң сомдон социалдык пенсияны 2 миң кары адам алат

Кыргызстанда эки миң кары адам эмгек стажы болбогондуктан 1 миң сом өлчөмүндөгү социалдык пенсия алышат. Бул тууралуу Социалдык өнүктүрүү министрлигинин маалымат катчысы Бакыт Жекшенов Бишкекте өткөн маалымат жыйында билдирди.

Анын айтымында, аталган кишилердин эмгек стажы жок жана аларга социалдык фонд пенсия төлөбөйт. Аларды кароосуз калтырбоо үчүн социалдык өнүктүрүү министрлиги аларга 1 миң сомдон социалдык жөлөк пул төлөп турат.

Жекшенов Социалдык өнүктүрүү министрлиги 1,5 млн адамды түрдүү социалдык жөлөк пул менен камсыздай турганын белгиледи. Бир жылда социалдык жөлөк пулдун көлөмү 5 млрд сомду түзөт.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД