Башкы прокурор жакында кээ бир депутаттар боюнча материалды ЖКга тааныштырат

“Жакында мен парламентке кээ бир депутаттар боюнча материалды тааныштырам”, - деп Жогорку Кеңеш жыйынында баш прокурор Аида Салянова КСДП фракциясынын депутаты Абдыманап Кутушевдин “башкы тергөө органында кайсыл депутаттар боюнча материалдар бардыгын айтыңыз?” деген суранычына жооп берип жатып билдирди.

Салянова азырынча аты-жөнүн айта албасын белгиледи. “Депутаттарга карата кылмыш ишин козгоого материалдар жана фактылар бар. Качан гана бардыгы чогулганда, мен аны парламентке алып келип, ал тууралуу айтып берем”, - деди Салянова.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД