2010-жылдагы тоноочулук боюнча 230дөй киши жоопко тартылган

2010-жылдын апрель окуяларындагы тоноочулук фактысы боюнча 230дөй киши жоопко тартылган. Бул тууралуу ИИМдин Башкы тергөө башкармалыгынын жетекчиси Кубатбек Норузбаев Бишкекте өткөн маалымат жыйында билдирди.

Анын айтымында, мурдагы президенттин агасы, Мамлекеттик коргоо кызматынан экс- төрагасы Жаныш Бакиевдин Шота Руставели көчөсүндөгү офиси да тоноого кабылган. Бирок офистин кожойкеси анын мүлкү жабыр тартпагандыктан арыз жазуудан баш тарткан. Ал эми Бакиевдердин үй-бүлөсү милицияга арыз жазып кайрылышкан эмес.

“2010-жылдагы тоноочулук боюнча 231 киши жоопкерчиликке тартылган, алардын көпчүлүгү соттолду”, - дейт Норузбаев.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД