Билим берүү башкармалыгы: №48 мектепте ата-энелер бир гана күн сабак берген

№48 орто мектепте окуучунун энеси бир гана күн жумуштан кеткен мугалимдин ордуна сабак берген. Бул тууралуу Бишкек мэриясынын билим берүү башкармалыгынын жетекчиси Гүлнара Тагаева билдирди.

Эскертсек, кечээ “ВБ” №48 мектепте мугалимдер жетишпегендиктен башталгыч класска ата-энелер сабак берип атканын кабарлаган.

Тагаева ата-энелердин жардам берүүсү күтүүсүздөн жумуштан кеткен башталгыч класстын мугалиминен улам болгонун белгиледи.

“Мугалим Германияга кеткендиктен, окуучулардын биринин апасын анын ордуна чыгууну суранышкан. Ал болгону бир күн гана сабак берген. Андан сырткары ал эне педагогикалык билимге ээ жана балдар менен иштөө тажрыйбасы бар”, - дейт ал.

Башкармалыктын жетекчиси, учурда аталган маселе чечилип, окуучу баланын энеси сабак бербей эле турганын баса белгиледи.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД