Ысык-Көл облусунун Түп райондук сотунун төрагасы кызматынан четтетилди

Кечээ, 14-ноябрда, КР президенти Алмазбек Атамбаев «Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотунун судьясын кызматынан четтетүү жөнүндө» жарлыкка кол койду. Бул тууралуу КР президент аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирди.

Жарлыкка ылайык, Конституциянын 95-беренесинин 5-бөлүгүнө, “Кыргыз Республикасынын судьяларынын статусу жөнүндө” конституциялык мыйзамдын 25-беренесинин 1-2-бөлүктөрүнө ылайык Исраилов Автандил КР жергиликтүү сотунун судьясынын кызматынан жана Ысык-Көл облусунун Түп райондук сотунун төрагалыгынан четтетилди.

Жарлык кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД