Кыргызстандын Орусия алдындагы карызы жөнүндөгү макулдашуу ратификацияланды

Кечээ, 14-ноябрда, КР президенти Алмазбек Атамбаев 2012-жылдын 1-ноябрында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган «2012-жылдын 20-сентябрында Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Орусия Федерациясынын Өкмөтүнүн ортосундагы мурда берилген кредиттер боюнча Орусия Федерациясынын алдындагы Кыргыз Республикасынын карызын жөнгө салуу жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу» Мыйзамга кол койду. Бул тууралуу КР президент аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирди.

Мыйзамга ылайык, Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги жогоруда көрсөтүлгөн Макулдашуунун күчүнө кириши үчүн зарыл болгон мамлекеттик ички жол-жоболордун Кыргыз Республикасы тарабынан аткарылганы жөнүндө Орусия тарапка билдирүүгө тийиш.

Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД