Адвокат: Түлеевди түндө эле чыгарыш керек болчу, бирок андай болгон жок

“Бишкектин мурдагы мэри Нариман Түлеевди Мамлекеттик улуттук коопсуздук кызматынын тергөө абагынан Кыргызстанда мыйзам болбогондуктан кое беришкен жок”, - деп анын адвокаты Султан Баратов “ВБ”ги билдирди.

Анын айтымында, бүгүн 15-ноябрда саат 00.00дө Түлеевди чыгарыш керек болчу. Анткени ушул убакта Түлеедви тергөө абагында кармоо мөөнөтү аяктамак, бирок андай болгон жок.

“Тергөө органдары Түлеевдин кылмыш иши боюнча материалдарды 15-ноябрга чейин сотко өткөрүп бериши керек болчу же тергөө абагында кармоо мөөнөтүн узартышы керек эле. Бирок алардын бирөө да жасалган жок”, - дейт Баратов.

Ал коргоочусунун укугу одоно бузулганын кошумчалады. “Эртең мененки саат 8.30дө да МУКК менен Башкы прокуратуранын тергөөчүлөрү мөөнөтү бүткөнүнө карата эч нерсе жасашкан жок”, - дейт Баратов.

Эске салсак, 21-июнда Нариман Түлеев өз үйүнөн камакка алынган. Ал төрт сааттай Башкы прокуратурада кармалып, кайта кое берилген. 22-июнь күнү ал шаар башчысы болуп турганда кызматтык абалынан пайдаланган делип, иш козголгон. Ошол эле күнү Бишкектин мурдагы мэринин ишмердигин текшерүү боюнча депутаттык комиссия түзүлгөн.

25-июнда Түлеевге Кылмыш кодексинин 303 беренесине ылайык “Коррупция” деп расмий айып тагылган жана камакка алынган. Кийин сот анын баш коргоо чарасын өзгөрткөн, бирок Түлеевди тергөө абагынан чыгарышкан эмес. 15-августта Башкы прокурор Аида Салянова мурдагы калаа башчысына карата жаңы кылмыш иши ачылганын айткан. Анда ал 2008-жылы таштанды чыгаруучу машиналарды алып келүүдө жана бала бакчанын мыйзамсыз сатылып кетүүсү боюнча айтылган.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД