Башкы прокуратурадан буйрук алгандан кийин МУКК Түлеевди бошотот

МУКК Бишкек шаарынын мурдагы мэри, “Ата-Журт” партиясынын Жогорку Кеңештеги депутаты Нариман Түлеевди Башкы прокуратурадан буйрук алгандан кийин дароо бошотот. Бул тууралуу Мамлекеттик улуттук коопсуздук кызматынан “ВБ”га билдиришти.

Мекеменин маалыматына ылайык, Түлеевдин кылмыш иштери боюнча бардык материал өлкөнүн башкы көзөмөл органында жана МУКК камакка алынган депутатты бошотуу боюнча чечим кабыл албайт. “Башкы прокуратура МУККнын тергөө абагынан Түлеевди бошотуу боюнча токтом бериши керек. Андан кийин аны бошотот, бирок азыр андай боло элек”, - деп белгилешти МУККдан.

Түлеев дагы деле тергөө абагында кармалууда.

Эске салсак, 21-июнда Нариман Түлеев өз үйүнөн камакка алынган. Ал төрт сааттай Башкы прокуратурада кармалып, кайта кое берилген. 22-июнь күнү ал шаар башчысы болуп турганда кызматтык абалынан пайдаланган делип, иш козголгон. Ошол эле күнү Бишкектин мурдагы мэринин ишмердигин текшерүү боюнча депутаттык комиссия түзүлгөн.

25-июнда Түлеевге Кылмыш кодексинин 303 беренесине ылайык “Коррупция” деп расмий айып тагылган жана камакка алынган. Кийин сот анын баш коргоо чарасын өзгөрткөн, бирок Түлеевди тергөө абагынан чыгарышкан эмес. 15-августта Башкы прокурор Аида Салянова мурдагы калаа башчысына карата жаңы кылмыш иши ачылганын айткан. Анда ал 2008-жылы таштанды чыгаруучу машиналарды алып келүүдө жана бала бакчанын мыйзамсыз сатылып кетүүсү боюнча айтылган.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД