Кыргызстандык үч бильярдчы дүйнөлүк чемпионатта экинчи турга чыгышты

Кыргызстандык үч бильярдчы Орусиянын Ханты-Мансийск шаарында динамикалык примада боюнча өтүп аткан дүйнөлүк чемпионатта экинчи турга чыгышты.

Бильярд сүйүүчүлөр лигасы билдиргендей, учурдагы чемпион Каныбек Сагынбаев, ошондой эле Качкынбай Нурумбектов менен Камолоддин Есиддинов чемпионаттын биринчи турунда жеңишке жетип, экинчи турга чыгышты.

Ал эми Кыргызстандык Сабыр Азат, Азиз Мамадинов жана Зайлан Адамов турнирдин биринчи турунда жеңилип калып, эми мелдештин төмөнкү сеткасында ойношот. 15 жаштагы Улукман Карагулов эки оюнда тең утулуп калгандыктан мелдештен четтетилди.

Эске салсак, Кыргызстан, Армения, Орусия, Украина, Азербайжан, Германия, Молдова, Финляндия, Чехия ж.б. мамлекеттерден 89 спортчу катышууда.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД