Эркинбек Алымбеков Өмүрбек Абдрахмановду психикалык жактан соо эмес деп атады

Жогорку Кеңештин бүгүнкү жыйынында “Ата Мекен” фракциясынын депутаты Эркинбек Алымбеков фракциядан жана партиядан чыгарылган коллегасы Өмүрбек Абдрахмановду психикалык жактан соо эмес деп атап, анын айткандарына көңүл бурбоого чакырды.

Алымбеков “Ата Мекен” фракциясынын атынан Абдарахмановду “мыйзамсыз депутат жана эч кимдин өкүлү эмес” деп атады. “Ал эч ким эмес. Анын айткандарына көңүл деле бурбаса болот. Бул кыргыздар үчүн ыйык болгон – Манас, Курманжан датканы жаман сөздөр менен айтат жана психикалык жактан соо эмес. Ошондуктан партиянын жана “Ата Мекен” депутаттык фракциясынан чыгарылган”, - деди атамекенчи.

Анын айтымында, партия Абдрахманов анын катарында болгондугуна терең өкүнөт. Депутат партиясыз коллегасы депутаттык кол тийбестиктен пайдаланып өзүнүн “ойлоп тапкан кир провокациялары менен мамлекетке зыян алып келүүдө”.

Алымбеков “Абдрахмановдун кыргыз-орус өкмөттөр аралык комиссиянын тең төрагасы, Орусия федерациясынын Бажы кызматынын жетекчиси Андрей Бельялиновго карата ойлоп тапкан жалааларын өкмөт төгүнгө чыгарганга аргасыз болду. “Бельялинов энергетика, нефтегаз тармагында, айыл-чарба, өнөр жай жана миграциялык саясат тармагындагы эки тараптуу маселелердин чечилишине чоң салым кошот”, - деп билдирди Алымбеков”.

Эл өкүлү ошондой эле Орусия Федерациясынын Бажы кызматынын төрагасы Москва шаарында Айкөл Манаска эстелик орнотууда чоң жардам көрсөткөнүн кошумчалап, учурда өкмөттөр аралык комиссиянын ишинин алкагында Москва шаарына улуу жазуучу Чыңгыз Айтматовго эстелик коюу маселеси каралап атканын белгиледи.

“Абдрахмановдун жалаасы эки тараптуу кыргыз-орус мамилесине жана Кыргызстандын эле аралык имиджине зыян алып келет”, - деди Алымбеков.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД