Түлеевдин адвокаты:МУКК Башкы прокуратуранын буйругу менен Конституцияны бузууда

“Ата-Журт” фракциясынын депутаты Нариман Түлеевди Башкы прокуратуранын буйругу менен бошотпой атат. Мындай билдирүүнү коррупция боюнча айыпталып аткан мурдагы Бишкек мэринин адвокаты Кубанычбек Ташбалтаев “ВБ”га билдирди.

Эскертсек, Түлеевди МУКК тергөө абагына кармоо боюнча баш коргоо чарасы бүгүн бүткөн. Аны түнкү саат 12.00дө бошотуш керек болчу.

Ташбалтаев МУКК менен убактылуу тергөө абагынын жетекчисине эмне үчүн Түлеевди дагы деле бошотпой аткандыгын түшүндүрүп берүүсү боюнча кат жөнөткөн. Анын айтымында МУКК Башкы прокуратурадан камактагы депутатты чыгаруу боюнча буйрук келбегендигине шылтоодо.

“Бирок, мыйзам боюнча аны бошотуу үчүн убактылуу тергөө абагына эч кандай документ кереги жок, анткени соттун токтому бар. МУКК Башкы прокуратуранын буйругу менен Конституцияны бузууда, себеби башкы прокурор Аида Салянова Түлеевди кое берүүнү каалабай атат”, - деп билдирди ал.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД