Жогорку сот Элдар Мадылбековду үй камагына чыгарды

Кыргызстандын Жогорку соту депутат Туратбек Мадылбековдун уулу Элдарды үй камагына чыгарды. Бул тууралуу Жогорку соттон “ВБ”га билдирди.

Мекеменин маалыматына ылайык, 15-ноябрда Жогорку соттун коллегиясы Элдар Мадылбековдун адвокатынын жактоочусунун баш коргоо чарасын өзгөртүп, камактан чыгаруу боюнча арызын канааттандырган. Элдар Мадылбеков Бишкектин Киев көчөсү 74 в дарегинде жайгашкан имаратты басып алды деп айыпталган болчу.

Ал Бакиевдердин мүлкүн саткан деп шетелген. Кийин сот аны убактылуу тергөө жайына 15-ноябрга чейин камоо чечимин чыгарган.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД