Эртең Аламүдүн жана Сокулук райондорунда электр жарыгы өчөт

Эртең, 16 ноябрда саат 10-00 дөн 17-00 гө чейин Аламүдүндөгү “Тунгуч-44 ГА” конушунда, саат 8-00 дөн 17-00 гө дейре Ленинское айылынын (Набережная, Новая көчөлөрүндө, ЖБИ районунда), саат 9-00 дөн 17-00 гө чейин Виноградное, Полевое, Тривольное айылдарында электр жарыгы өчөт. Бул тууралуу “Түндүкэлектр” ААКынын басмасөз кызматынан билдирди

Ал эми Сокулук районуна караштуу Шопоков шаарчасында саат 9-00 дөн 17-00 гө чейин электр энергиясы өчүрүлөт. Аталган аймактарда “Тунгуч”, “Ленинское” көмөкчордонунан тараган 10 кВ аба электр берүү чубалгыларында оңдоо иштери болот. Ошондой эле “Ботбаева” көмөкчордонунан тараган 10 кВ аба электр берүү чубалгысынын тегерегиндеги бак-бутактар кыйылат.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД