Президент «ИНТЕР РАО ЕЭС» жана «Ростехнологии» жетекчилери менен жолукту

15-ноябрда, “Ала-Арча” мамлекеттик резиденциясында, КР президенти Алмазбек Атамбаев «ИНТЕР РАО ЕЭС» ААК башкармалыгынын төрагасы Борис Ковальчукту кабыл алды. Бул тууралуу КР президент аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирди.

Жолугушуу учурунда тараптар Кыргыз Республикасы менен Орусия Федерациясынын ортосунда энергетика тармагындагы кызматташуу маселелерин талкуулашты.

Ушул эле күнү Алмазбек Атамбаев «Ростехнологии» мамлекеттик корпорациясынын башкы директору Сергей Чемезов менен жолугушту.

Жолугушуу учурунда тараптар Кыргыз Республикасы менен Россия Федерациясынын ортосунда өнөр жай тармагындагы кызматташуу маселелерин талкуулашты.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД