Түндө өрт өчүрүүчүлөр күйүп аткан машинаны өчүрүштү

Борбор калаада түндө өрт өчүрүүчүлөр күйүп аткан “Мерседес-600” үлгүсүндөгү машинаны өчүрүштү. Бул тууралуу күбөлөр билдиришти.

Өрт тууралуу маалымат бүгүн түндө “101” пультуна келип түшкөн. Боталиев көчөсүнө үчүнчү бөлүктүн өрт өчүрүүчүлөрү чыгышкан. Өрт бат эле өчүрүлгөн. Машина уурдалышы мүмкүн деген божомол бар, себеби айдоочусу ошол убакта жок болуп чыкты. Ошондой эле машинанын мамлекеттик номерлери да алынган.

Эксперттер өрттүн келип чыгышын аныкташат. Алар азырынча; атайылап өрттөө жана электр кыймылдаткычтан өрт тутанышы мүмкүн деген эки версияны карап атышат. Ошондой эле тартип сакчылары машина кимге таандык экенин аныкташмакчы.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД