Ибраимов көчөсүндөгү павильон күйүп кетти

Борбор калаанын Ибраимов көчөсүндөгү павильон күйүп кетти. Бул тууралуу күбөлөр билдиришти.

Өрт өчүрүүчүлөрдүн маалыматына ылайык, өрттүн чыгышына ширетүү учурунда техника коопсуздугун сактабоо себеп болгон. Жалын дароо эле соода жеринин бардыгына жайылып, чатырына чейин чыккан. Тилсиз жоонун алдын алууга ӨКМнын кызматкерлерине кеминде бир саат керектелди.

Бир сутка аралыгында борбор калаада үч өрт катталган.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД