Шаардык кеңешке талапкер Балбак Түлөбаев кылмыш жоопкерчилигине тартылышы мүмкүн

Бишкек прокуратурасы “Кызматтык абалынын кыянаттык менен пайдалануу” “Кызматтык абалын колдонуу” беренелери боюнча КР президентинин иш башкармалыгынын мурдагы жетекчиси Курманбек Темирбаевге тагылып аткан кылмыш ишин тергөөнү аяктап аны сотко өткөрүп берди. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын расмий сайтында жарыяланды.

Тергөө көргөзгөндөй Бишкек мэриясынын 2007-жылдын 3-июлундагы токтомуна ылайык мейманканасы бар бизнес-борборду куруу үчүн Бишкектин Токтаналиев көчөсүнөн 0,56 гектар жер КР президентинин иш башкармалыгына бөлүнөп берилген.

Белгиленгендей Темирбаев андай жасоого укугу жок болсо да өзүнүн 2007-жылдын 5-декабрындагы буйругу менен мейманкана-соода комплекси бар бизнес-борборду куруу үчүн инвестициялык конкурс өткөрүүгө комиссия түзгөн жана ага аны өткөрүүнү буйруган.

2008-жылдын 23-февралында инвестициялык конкурс өткөндөн соң бизнес-борбор куруу үчүн жер тилкесин бир фирма директоруна 49 жылга арендагы берүү боюнча келишим түзүлгөн. Ага ылайык, ал фирма КР президентинин Иш башкармалыгына жалпы аянттын 15 пайызын берүүгө милдеттендирилген.

Бирок фирманын директору Темарбаевге курулуштун максаты өзгөрүлгөндүгүн жана ал жерге көп кабаттуу үй салынары тууралуу кат түрүндө кайрылган. 2009-жылдын 20-майында инвестициялык конкурстук комиссия КР президентинин Иш башкармалыгынын орун басары Балбак Түлебердиевдин төрагалыгы менен бул өтүнүчтү колдоого алган.

Келишимдин шартына ылайык, фирма курулуш аяктап, ал колдонууга берилгенден кийин КР президентинин иш башкармалыгына үч бөлмөлүү төрт квартира бериши керек болчу.

Ошентип Темирбаев менен Түлөбаев аталган фирмага жер тилкесин берүү менен мыйзамсыз аны алышкан. Жыйынтыгында мамлекеттин кызыкчылыгына олуттуу зыян келген.

Андыктан Бишкек шаардык кеңешке талапкер болгон Түлөбаевди “Жергиликтүү кеңештин депутаттарын шайлоо жөнүндөгү” КР мыйзамынын 17-беренесине ылайык Борбордук шайлоо комиссиясына аны кылмыш жоопкерчилигине тартууга макулдук берүү боюнча билдирүү берилген.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД