Геология боюнча мамагенттиги: Жерүйдү өздөштүрүүгө 1,2 млрд доллар талап кылынат

Геология жана минералдык ресурстар боюнча мамлекеттик агентиги Кыргызстандагы эң ири алтын кендиринин бири болгон Жерүй кени боюнча тендер өткөрүүгө даярданууда. Бул тууралуу “Кыргызалтын” АККнын башкаруу төрагасынын орун басары Аманбек Кубаев КР премьер-министри Жантөрө Сатыбалдиевдин аталган кен жерине болгон сапарында билдирди.

Анын айтымында, кен боюнча бардык териштирүүлөр Жогорку сотто жыйынтыкталды. Андыктан Геология жана минералдык ресурстар боюнча мамлекеттик агенттик тендердин жүрүшүндө кенди иштете турган компанияны тандайт.

Кубаев Жерүй алтын кенин өздөштүрүүгө 1 млрд 220 млн доллар талап кылынарын билдирди. Капиталдык керектөөлөргө – 340 млн доллары сарпталса, ишке киргизүүгө 880 млн доллар керектелет.

Жерүйдөгү алтындын запасы жалпысынан 98 тонна деп бааланган. Анын 80 тоннасын казып алуу пландалууда.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД