Жерүйдөгү АЧФ курулушун аягына чыгарууга 150-200 млн доллар талап кылынат

Кыргызстандагы ири алтын кендердин катарына кирген Жерүй кениндеги алтын чыгаруучу фабриканын (АЧФ) курулушун бүткөрүү үчүн 150-200 млн доллар талап кылынат. Бул тууралуу АЧФсы бар “Талас голд майнинг компани” компаниясынын башкы директору Эдуард Кубатов “ВБ”га билдирди.

Ал бүгүн алтын кенинде бардык инфраструктура даяр экенин, бирок алтын чыгаруучу фабрика 80 пайызга гана бүткөрүлгөнүн белгиледи.

Геология жана минералдык ресурстар боюнча мамлекеттик агенттиги Жерүйдү иштетүү боюнча тендер өткөрө турганы бүгүн белгилүү болду.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД