Жерүй кенин иштетүү боюнча тендер эки ай ичинде жарыяланат

Жерүй алтын кенин иштетүү боюнча тендер эки ай ичинде жарыяланат. Бул тууралуу бүгүн, 16-ноябрда КР премьер-министри Жантөрө Сатыбалдиевдин аталган кен жерине болгон сапары учурунда Геология жана минералдык ресурстар мамлекеттик агенттигинин директору Ишимбай Чоноев билдирди.

Анын айтымында, тендерди өткөрүү үчүн конкурс боюнча 5 жобо кабыл алуу керек: кенди колдонуудагы лицензиялоо тартиби жөнүндө, кенди колдонуу укугу боюнча конкурсту өткөрүү тартиби жөнүндө, кенди колдонуу укугу боюнча аукцияонду өткөрүү тартиби жөнүндө, кенди колдонууда жер тилкесин берүү тартиби жөнүндө жана кармап туруу үчүн лицензиялык төлөмдү төлөө тартиби жөнүндө. “Ушундай гана болгон учурда “Кендер жөнүндөгү” мыйзамды ишкер ашыруу мүмкүн”, - деди ал.

Чоноев жобону өкмөт ушул жуманын аягында кабыл алат деп ойлойт. Ал ошондой эле жобо кабыл алынгандан кийин курамында беш фракция депутаттары жана бейөкмөт уюмдун өкүлдөрүнөн турган тендерди өткөрүү боюнча Мамкомиссия конкурстун шарттарын иштеп чыккан соң гана тендерди жарыялайт.

Эске салсак, 2010-жылы өкмөт “Жерүйалтын” жабык акционердик коомунун алтын казуу боюнча лицензиясын жокко чыгарган. Соттук териштирүүлөр 2012-жылдын сентябрында аяктаган. Ошондуктан Кыргызстандын өкмөтү жаңы тендерди өткөрүүгө укугу жок.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД