Электр чыңалуусунун туруксуздуганын Свердлов РИИБинин компьютерлери күйүп кетти

Бишкек шаарынын Свердлов РИИБинин дээрлик бардык компьютерлери электр чыңалуусунун туруксуздугунан күйүп кетти. Бул тууралуу милиция кызматкерлери “ВБ”ги билдирди.

Алардын айтымында, кечээ түнү болжол менен 22.00 чамасында РИИБде электр чыңалуусу азайып кеткен. Анын кесепетинен экинчи кабаттагы бөлмөдө компьютер күйгөн.

Ошондой эле тармакка кошулган бардык компьютерлердин сактагычтары күйүп кеткен.

Бүгүн милиция өз каражатына мүлктү калыбына келтирүүдө.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД