Депутат педофилдерди бычуу жөнүндө мыйзам долбоорун демилгелөөдө

“Ар-Намыс” фракциясынын депутаты Дастан Бекешев педофилдерди бычуу боюнча мыйзам долбоорун демилгелөөгө ниеттенүүдө. Бул тууралуу ал “Укук бузууларды жана жашы жете электер арасында кылмыштуулукту жоюу боюнча улуттук форум” аттуу тегерек столдо билдирди.

Анын айтымында, жакын арада Жогорку Кеңеш депутаттары жашы жетек электерге карата кылмыш ишин жасагандар жөнүндө мыйзам долбоорун карайт.

Бекешев мындай мыйзам балдарга карата жасалган кылмыш ишинин көбөйүп жатышынан улам керектигин кошумчалады. “Бул мыйзам долбоору адам укуктарын бузбайт деп ойлойм. Педофилдер мындай иштерди кайтадан жасабышы үчүн ал бизге ал керек”, - деди ал.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД