Башкы прокурор өспүрөмдөр кылмыштуулугу дароо өскөндүгүн айтты

Кыргызстанда жашы жете электер арасында кылмыштуулук көп катталууда. Бул тууралуу “Укук бузууларды жана жашы жете электер арасында кылмыштуулуктун алдын алуу боюнча улуттук форум” аттуу тегерек столдо Кыргызстандын башкы прокурору Аида Салянова билдирди.

Анын айтымында, балдарга мамлекет тарабынан тийиштүү көңүл бурулбагандыгынан “мамлекеттик келечеги жөнүндө айтуу оор, дайыма жашы жете электер арасындагы кылмыштуулуктун алдын алуу керек”. “ИИМдин иши тууралуу гана айтуу болбойт, бардык органдар иштеши керек. Ошондой эле үй-бүлөдө да түшүндүрүү ишерин аткаруу керек”, - дейт Салянова.

“Кыргызстанда жашы жете элек балдардын саны 2 млн 165 миңди түзөт. Бул жалпы калктын 40 пайызын түзөт. 2010-жылы өспүрүмдөр тарабынан 1 082 кылмыш иши жасалган, 2011-жылы 951, 2012-жылы 1 147 кылмыш иши жасалган. Жашы жете электерге карата жыныстык кылмыш жасоо 2010-жылы 129, 2011-жылы 162 жана 2012-жылдын тогуз айында 116 кылмыш иши жасалган”, - деди башкы прокурор.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД