“Жерүйалтын” өкмөт менен соттошпоону чечти

“Жерүйалтын” жабык акционердук коому 2010-жылдын ноябрында Кыргызстандагы ири алтын кендеринин бири болгон Жерүй алтын кенин иштетүү боюнча лицензиясын жокко чыгаргандыгы үчүн өкмөт менен соттошпойт. Бул тууралуу бүгүн “Жерүйалтындын” башкы директору Франз Шлоссер КР премьер-министри Жантөра Сатыбалдиевдин аталган кенге болгон иш сапарында журналисттерге билдирди.

Шлоссердин айтымында, “Жерүйалтын” кенди иштетүү боюнча конкурска катышат. Эгер алардын компаниясы жеңип ала турган болсо, жакын арада кенде иштерди баштап, 1,5-2 жыл ичинде даяр продукцияны алуугу сөз берди.

Сатыбалдиев “Жерүйалтынды” соттошпой конкурска катышууга чакырды жана кенди иштетүү боюнча өтө турчу конкурс адилет жана таза өтөрүн айтты. “Конкурста Кыргызстан үчүн оптималдык шарт түзүп бере алчу күчтүү компания жеңүүсү керек”, - деди өкмөт башчы.

Геология жана минералдык ресурстар мамагенттигинин директору Ишимбай Чунуев лицензияны жокко чыгаруу боюнча бардык сот өкмөттүн жеңиши менен аяктаганын маалымдады. Бирок, “Жерүйалтын” дагы да болсо көзөмөл арыз бере алат.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД