Ахматбек Келдибеков: Чиновниктер базардагы бааны билишпейт

Экономикалык көрсөткүч 2011-жылга салыштырмалуу бир топ төмөндөп кетти, деп “Мыйзамдуулук жана адилеттүүлүк” азчылык коалициясынын жыйынында бюджет жана финансы боюнча комитетинин төрагасы Ахматбек Келдибеков билдирди.

“Менде чиновниктер базардагы баа кандай экенин билбейт деген ой пайда болду. Мен дагы бир жолу айтам бир мүшөк ундун баасы дээрлик эки эсеге өстү. Биз терс сальдо өсүп атканын кабыл алгыбыз келбей атат. Биз дайыма эле бул жылкы бюджеттин параметлерин тактап атабыз, бирок дефицит өсүүдө. 2004-жылы Кмтөрдүн жалпы ИДПга болгон үлүшү 6 пайыз, 2008-жылы – 8 пайыз болгон. Бул көрсөткүчтөр бүгүнкү күнү деле өзгөргөн жок. 2012-2013-жылы деле ошол эле көрсөткүчтөр болот. Күмтөрдүн ИДПга болгон үлүшү өзгөргөн жок. Кумтөрдөн бардыгы көз каранды дештин кереги жок. Муну менен көпчүлүгү бизди адаштырууда”, - деди эл өкүлү.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД