ЮНИСЕФ: Беловодск айылындагы атайын-интернаттагы балдар колониядагыдай кармалат

Беловодск айылындагы аттайын-интернаттагы балдар колониядагыдай эле кармалат. Бул тууралуу ЮНИСЕФтин Кыргызстандагы өкүлү Елена Зайниченко тегерек столдо билдирди.

Ал өз сөзүндө Билим берүү жана илим министрлигинин аталган мектептеги балдарга карата жасалган зомбулукту танганына таң калды.

“Интернатта жүргүзүлгөн изилдөөлөрдүн жыйынтыгы көргөзгөндөй, балдарга карата зомбулук болот жана Билим берүү министрлигинин позициясы туура эмес. Интернатта кылмыш жоопкерчилигине тартылбай турган балдар жашайт. Алар кичинекей болгондуктан аларды темир зымдардын курчоосунда колониядагыдай кармабай, аларды тарбиялаш керек. Реаблитация жана балдарды тарбиялоо боюнча программа керек”, - деди Зайниченко.

Ал ошондой эле мектептен качып кеткен балдар Кылмыш кодексине жакын жазаланарын кошумчалады.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД