Кумтөрдөн түшкөн акча бюджеттин үчтөн бирин түзөт

Бюджетке түшкөн кирешенин 30 пайызга жакыны “Кумтөр Операйтинг Компани” компаниясынан гана түшөт. Бул тууралуу Жогорку Кеңеш жыйынында вице-премьер-министр Жоомарт Оторбаев билдирди.

Анын айтымында, Кумтөрдөн 26 млрд сом киреше түшөөрү пландалууда. Ошол эле убакта бюджетке түшө турчу жалпы пландалган киреше 81,6 млрд сомду түзөт. “Андыктан Кумтөр алтын кенинен түшө турчу киреше болжол менен 30 пайызды түзөт”, - деди Оторбаев.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД