Депутат Мадылбековдун уулу 2013-жылдын 15-январына чейин камакта болот

Бүгүн Жогорку соттун басмасөз кызматы Элдар Мадылбековдун баш коргоо чарасы тууралуу маалыматты тактады.

Кечээ, “ВБ” Жогорку сот депутат Туратбек Мадылбековдун уулу Элдарды үй камагына чыгарганын кабарлаган.

“Кийин белгилүү болгондой, Биринчи Май райондук сотунун Элдар Мадылбековдун баш коргоо чарасын узартуу боюнча 2012-жылдын 10-ноябрында кабыл алынган токтому да болгон – деп айтылат билдирүүдө. – Башкы прокуратуранын тергөө тобунун жетекчиси Рустам Абдрасуловдун дөө арызы канааттандырылган”.

Ушуга байланыштуу айыпталуучу Элдар Мадылбековду МУККнын убактылуу тергөө абагына камоо 2013-жылдын 15-январына чейин узартылды,- деп билдирет Жогорку Соттун басмасөз кызматы.

Эскертсек, Элдар Мадылбеков Бакиевдердин мүлкүн саткан деп шектелип кармалган. Кийин сот аны убактылуу тергөө абагына камоону 15-ноябрга чейин узарткан.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД