Парламенттик оппозиция өкмөткө 2013-жылдын бюджетин кайта иштеп келүүнү тапшырды

“Мыйзамдуулук жана адилеттүүлүк” азчылык коалициясынын жыйынында парламенттик оппозиция өкмөткө 2012 жана 2013-жылдын бюджетин кайтадан иштеп келүүнү тапшырды.

Финансы министри Ольга Лаврованын доклады бир катар сындар менен коштолду.

“Республика” фракциясынын депутаты Чолпон Султанбекова социалдык сектордун чыгымдарын кыскартуу туура эмес экенин айтып, мамлекеттик кызматчылардын айлыгын көтөрүү керектигин белгиледи.

“Эмне үчүн билим берүүгө кеткен чыгымдар 459 млн сомго кыскарууда, ал эми мамлекеттик аппараттыкы 250 млн сомго чейин көбөйүүдө?”, - деп суроо салды.

Жыйынтыгында оппозиция 2013-жылдын бюджетин кайта иштеп келүүнү өкмөткө тапшырды. Коалициялык азчылык өз чечимине ылайык 2013-жылдын бюджетин 2012-жылдын бюджетинин аткарылышын карагандан кийин гана кабыл ала турган болду.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД