Текшерилген МАИ радарларынын 40 пайызында мыйзам бузуу аныкталды

Кыргызстанда үстүбүздөгү жылы машиналардын ылдамдыгын аныктаган 100 радар гана текшерилген. Радарлардын 40 пайызында мыйзам бузуу аныкталган. Бул тууралуу Экономика министрлигине караштуу метрологиялык көзөмөл боюнча маминспекциянын директору Султан Ахматов журналисттерге билдирди.

Анын айтымында, мекеменин КР ИИМдин жол кыймылын көзөмөлдөө башкы башкармалыгынын кызматкерлеринде канча радар бар экени тууралуу маалыматы жок. Ошол эле убакта жол көзөмөлдөө башкы башкармалыгынын кызматкерлеринин жеке радарлары бар экени тууралуу маалыматтар бар.

Ахматов радарларды мыйзамдуу түрдө текшерүү милдети мыйзамда каралган эмес. Бирок, айдоочулар жол көзөмөлдөө кызматкерлеринен радарлардын текшерилгендиги тууралуу актыны талап кыла алышат.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД