Адвокат: Жогорку сот Элдар Мадылбековдун иши боюнча түшүндүрмө бербей атат

Кыргызстандын Жогорку соту “Ата Мекен” фракциясынын депутаты Туратбек Мадылбековдун уулу Элдар боюнча эч кандай түшүндүрмө бере элек. Бул тууралуу бүгүн тергөө абагына камакка алынган Элдардын адвокаты Мирсалы Осмонкулов “ВБ”га билдирди.

Анын айтымында Жогорку сот кечээ Элдар Мадылбековду бошотуу боюнча токтом чыгарган. Бирок, токтомду жарыялагандан соң прокуратуранын кызматкерлери Элдар Мадылбековду МУККнын тергөө абагында 2013-жылдын 15-январына чейин калтыруу тууралуу Биринчи Май райондук сотунун токтомун көргөзүшкөн.

“”Райондук соттун токтому Мадылбековду тергөө абагында кармоого шылтоо эмес. Жогорку соттун чечимине ылайык Элдар Мадылбеков тергөө абагынан үй камагына чыгарылышы керек. Башкы прокуратура болгону камакка алуу мөөнөтүн гана узарткан. Мыйзам боюнча аны баары бир камактан бошотуусу керек болчу. Анткени баш коргоо чарасы бир гана жолу тандалат”, - дейт Осмонкулов.

Ал Жогорку сотко кайрылганын бирок, ага түшүндүрмө берүүдөн баш тартканын кошумчалады. “Кыргызстанда мурдагыдай эле мыйзамдуулук жок”, - дейт Осмонкулов.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД