Ибраимав көчөсүндөгү батирден шаардык куткаруучулар аялдын сөөгүн табышты

Борбор калаанын Ибраимов көчөсүндөгү батирден шаардык куткаруучулар кемпирдин сөөгүн табышты. Бул тууралуу окуяга күбө болгондор билдиришти.

“161” куткаруу кызматына Свердлов РИИБинин кызматкерлери кайрылышкан. Пенсия жашындагы кемпир бир канча күн сыртка чыкпай, телефонго жооп бербей калган. ӨКМнын кызматкерлери сырткы эшикти сындырып кирип, бөлмөдөн 76 жаштагы аялдын сөөгүн табышкан. Өлүмдүн себебин эксперттер бир катар текшерүүдөн кийин аныкташат.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД