Түндө “Дордой” жаңы конушундагы үйдө өрт чыкты

Түндө “Дордой” жаңы конушундагы үйдөн чыккан өрт өчүрүлдү. Бул тууралуу ӨКМнын кызматкерлери билдиришти.

Өрт тууралуу билдирүү “101” пультуна түнкү саат 3төрдө келип түшкөн. Кырсык болгон жерге борбордук гарнизондун экинчи бөлүгү барган. Алар келгенге чейин өрт үйдүн көпчүлүгүк бөлүгүнө жайылып, бөлмөлөргө чейин аралап кеткен.

Өрт бир саат ичинде толугу менен өчүрүлгөн. Өрт электр зымдарынын тийишип кеткендигинен чыгышы мүмкүн.

Бир сутка аралыгында борбор калаада 4 өрт кырсыгы катталган.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД