Тоң районунда айдоочу өз машинасында күйүп өлдү

Тоң районунда айдоочу өз машинасында күйүп өлдү. Бул тууралуу ӨКМнын кызматкерлери билдирди.

Машинанын ичиндеги өрттү ал жерден өтүп бараткандар капысынан көрүп, өрт өчүрүүчүлөрдү чакырган. Кырсык болгон жерге келген өрт өчүрүүчүлөр жеңил унаадагы өрттү бат эле өчүрүшкөн. Машинанын ичинен ӨКМнын кызматкерлери эркек адамдын сөөгүн табышкан. Окуя болгон жерге келген укук коргоо органынын кызматкерлери анын өздүгүн такташкан.

Алдын ала маалыматтарга ылайык, өрт өчүрүлбөгөн тамекиден чыгышы мүмкүн. Мас абалындагы айдоочу машинанын ичинде уктап калган. Тамекинин чогу кийимине түшүп, өрт тутанган. Кырсыктын чыныгы себебин судмедэкспертиза аныктайт.

Бир сутка ичинде Кыргызстан боюнча 19 өрт катталды.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД