Дзюдо боюнча дүйнөлүк чемпионатта Ислам Баялинов коло медаль утту

Кыргызстандык дзюдоист Ислам Баялинов Апиа шаарында (Самоа) өткөн дүйнөлүк чемпионатта коло медаль тагынды.

Дзюдо боюнча эларалык федерациянын расмий сайтында маалымдалгандай, Баялинов 66 кг. салмакка чейинки категория боюнча мелдешке катышкан. Ал эки атаандашын уткан. Биринчи кармашта Жаңы Зеландиялык спорту Алекс Бишопту уткан. Андан соң Австриялык Стивен Браунду жеңген.

Финалга чыгуучу мелдеште кыргызстандык спортчу Англиялык отлет Колин Оутска утулуп калган. Ал эми мелдештин күмүш медалын Жаңы Зеландиялык Алистер Лит утуп алган.

16-17-ноябрь күндөрү өткөн бул мелдешке Кыргызстандан болгону бир спортчу катышкан.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД